Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Кыйноо боюнча арыздангандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу борборуна быйыл тогуз айда жалпысынан 221 арыз түшкөн. Булардын 98и кыйноо фактылары, 51и катаал, адамгерчиликсиз мамиле боюнча арыздангандар.

Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, мурдагыларга салыштырмалуу милицияга арыздангандардын саны азайган.

- Тогуз айдын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу кайрылгандардын саны көп болуп жатат. Бизге келген арыздардын негизинде “Кыйноо” беренеси боюнча тогуз кылмыш иши козголду. 55 иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Арыздардын басымдуу бөлүгү (85%) милиция кызматкерлерине каршы жазылган. Былтыр бул көрсөткүч 90% ашкан. Андан кийин УКМК, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы турат.

Бүгүн, 23-октябрда Кыйноонун алдын алуу борбору 2017-жылдагы иши боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетине баяндама жасайт.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазып кайрылган. Изилдөө көрсөткөндөй, кыйноого туш болгондордун 60 пайызы арыз менен кайрылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG