Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Тулада кармалган мигранттардын арасында кыргыз жарандары жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тулада кармалган мигранттардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Биздин кызматкерлер Туладагы мигранттардын кармалышы боюнча маалыматты кайра тактап, тиешелүү тейлөө борборунун инспекторлору менен байланышты. "Кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок" деген маалымат алынды.

Орусиянын Тула шаарында 20-октябрда шаардагы аянттын жанындагы базарларда рейд жүргүзүлүп, ОМОНдун өкүлдөрү бир саатта 300дөй борбор азиялык мигрантты кармаган.

Тула облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, рейдге мигранттардын балдары кармалып турган жай тууралуу маалымат түрткү болгон. Ал жерде ар түрдүү курактагы жеткинчектер ата-энелери жумуштан келгенче кармалып турары айтылды. Кармалгандар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени, арасында кыргызстандыктар болбогону кабарланган.

Туладагы мигранттардын жапырт кармалышы жана аларды туткундардай кылып тизип алып, полицияга алып бараткан күч түзүмдөрүнүн аракети социалдык тармактарда сынга алынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG