Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

Путин Трамптын кеңешчиси Жон Болтонду кабыл алат


Жон Болтон Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолугушту. 22-октябрь, 2018-жыл.
Жон Болтон Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолугушту. 22-октябрь, 2018-жыл.

Бүгүн, 23-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кабыл алып, бир катар маселелер боюнча анын түшүндүрмөсүн угат. Бул тууралуу журналисттерге Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, орус лидери кандай сүйлөшүүлөр болгону тууралуу маалымат алат.

“Болтон эртең дагы бир катар жолугушууга катышат. Силер билесиңерби, жоопторго караганда суроолор алда канча көп” деп билдирди ал. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Дүйшөмбү күнү Болтон Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевге жолуккан. “Америка үнү” жазгандай, анда куралдандыруу келишимин көзөмөлдөө, Сирия, Иран, Түндүк Корея жана терроризмге каршы күрөш маселелери тууралуу кеп болгон. Тараптар Москва менен Вашингтон ортосунда “стратегиялык маселелер боюнча” диалогду өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG