Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

УКМК: чагымчыл видеороликтерди тараткан адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунун 29 жаштагы тургуну 22-октябрда кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп, улут аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштырган.

"Такталган маалымат боюнча кармалган киши 2010-жылдагы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабаганы үчүн кечирим суратканы тартылган видео роликтерди жайылткан" деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, кармалган адам материалдарды таркатканын моюнга алган.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык улут аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттерди жайылтуу төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (NT)

XS
SM
MD
LG