Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кытайда дүйнөнүн деңиздеги эң узун көпүрөсү ачылды


Гонконг-Чжухай-Макао көпүрөсүнүн бир көрүнүшү. 23-октябрь, 2018-жыл.
Гонконг-Чжухай-Макао көпүрөсүнүн бир көрүнүшү. 23-октябрь, 2018-жыл.

Узундугу 55 чакырым келген, курулушу он жылга жакын созулган көпүрөнү ачуу аземине президент Си Цзиньпин баштаган расмий өкүлдөр катышты.

Көпүрө Кытайдын материктик бөлүгүндөгү жана деңиз жээгиндеги Чжухай шаарын атайын административдик аймактар Гонконг жана Макао менен байланыштырат.

Жер титирөөлөргө жана тайфундарга туруштук бериши үчүн көпүрөнүн курулушунда 400 миң тонна болот колдонулган.

Мындай көлөмдөгү болот менен Париждеги Эйфел мунарасынан 60 даананы орнотууга болот. Ал эми курулуштун наркы 20 миллиард долларга жеткен.

Узундугу 55 чакырымдык көпүрөнүн бөлүктөрү жер алдындагы жана суу астындагы туннелдерден да турат.

Маалыматтарга караганда, курулуш учурунда кеминде 18 жумушчунун өмүрү кыйылган, дагы жүздөгөн адамдар жабыркаган.

Экологдор бул долбоор деңиздеги жашоого, анын ичинде Кытайдын жоголуу коркунучу алдында турган ак дельфиндерине олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Дүйнөнүн деңиздеги эң узун көпүрөсүндө автокыймыл 24-октябрда башталат. (UE)

XS
SM
MD
LG