Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Кытайга виза ала албай жаткан студенттер министрликке кайрылды


Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алды. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алды. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын жогорку окуу жайларына окууга өтүп, бирок виза ала албай жаткан 50гө жакын студент Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды.

Бул тууралуу мекеменин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Апышева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, түшкөн арыздар Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментине жөнөтүлгөн.

- Арыз бергендер Кытайдын жогорку окуу жайларына өз алдынча тапшырган балдар. Себеби Билим берүү жана илим министрлиги да макулдашуунун негизинде Кытайга балдарды окууга жөнөтөт. Алар Кытайга кетишкен. Ал эми окууга өз алдынча же фирмалар аркылуу тапшырып, виза ала албай жаткандардын тизмесин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине жибердик, - деди Айзада Апышева.

Тышкы иштер министрлиги визадан кыйналып жаткандардын маселеси тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин Кытайдагы окуу жайларына документ тапшырган кыргызстандык студенттер виза ала албай жатканы кабарланган. Андан мурда кыргыз ишкерлери Кытайга барыш үчүн элчиликтен уруксат кагаздарын алуу мүмкүн болбой жатканын билдирип чыгышкан.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон теракттан кийин кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотуп койгон. Ушул убакка чейин жарандарга виза берүү жанданбай жатканын бир катар туристтик фирмалардын өкүлдөрү билдирип жүрүшөт. Бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл июнь айында Кытайда болгон мамлекеттик сапарында да козголгон. (BTo/NT)

XS
SM
MD
LG