Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Ош шаарына бир күн бою суу берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Ош шаардык суу канал» ишканасы күзгү-кышкы ремонттоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 23-октябрында түнкү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарына суу берүү убактылуу токтотула турганын билдирди.

Маалыматка караганда, «Курманжан Датка», «Манас-Ата», «Туран» аймактык кеңеши, «Достук» кичи району жана «Калинин» конушунан башка аймактарга суу убактылуу берилбейт.

Мекеме шаардыктарга бир суткага жете турган суу камдап алуу зарыл экенин эскертүүдө. Ош шаарында жыл сайын жаз, күз мезгилдеринде суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүгүзүлөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG