Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги виза ала албай жаткан студенттер боюнча Кытай элчилигине нота жиберди. Бул тууралуу мекеменин Консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси Сагын Ибраев “Азаттыкка” билдирди:
- Виза ала албай жаткандар - окууга өз алдынча тапшырган студенттер. Биз элчилик менен сүйлөшүп, келишимге келгенбиз. Анда Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин тизмесин топ-топ кылып бизге жөнөтөт. Андан соң Кытай элчилиги аларга “жашыл коридор” берет. Элчилик “өз алдынча окууга тапшырган студенттер электрондук кезек менен виза алат” деп жатат. Бирок алардын арасында окуусу 30-октябрда баштала турган студенттер бар экен. Биз маселени чечип бергенге аракет кылып жатабыз.
Ибраевдин айтымында, ушуга чейин “жашыл коридор” менен Кытайга миңге жакын студент кеткен.
Буга чейин Кытайдагы окуу жайларына документ тапшырган кыргызстандык 50дөй студент виза ала албай жатканы кабарланган. Алардын айрымдары бир аптадан бери элчиликке жана ТИМге арыз жазып, жооп ала албай жатканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан. (КЕ/BTo)