Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыккандар улуттук курултай өткөрүү демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу аталган райондогу Майдан айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбек Амизаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, буга чейин ушундай демилгелер айрым саясий күчтөрдүн тоскоолдугу менен өтпөй келген.
- Бир эле Шамбесай эмес, Бел-Алма деген чоң көмүр бассейни бар, - дейт ал. - Ничке деген жерден Ноокат аркылуу белгисиз компания каптап ташыган учур бар. Тегирменде алтын бар. Бизде кендер өтө көп, бирок төлөмдөр жаап-жашырылган фактылар көп. Акчаны кантип бюджетке түшүрүш керек экенин сүйлөшөбүз. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.
23-октябрда Шамбесай кенин иштетиш үчүн топурак менен сууну иликтөө максатында адистер барганда 50-60 жергиликтүү тургун ага нааразылык билдирип чыккан. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан.
Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары Майдан айылындагы элдин нааразылыгы тартылган сүрөттөр менен видеолорду Интернетке жарыялап, элди милиция кармап кеткенин жазышкан. Жергиликтүү активисттердин бири Абдилашим Отамбаев милиция эч кимди кармабаганын айтып, бирок ачык сүйлөп чыгууга уруксат берилбегенин “Азаттыкка” билдирди.
"Экология бузулат" деген негизде Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундардын нааразылыгы көптөн бери токтобой келе жатат.
Шамбесайда болжол менен 12 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган. (КЕ)