Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Ошто 8 жаштагы кызды зордуктоо боюнча өз атасы шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун тургуну сегиз жаштагы кызын зордуктаган деп шек саналууда. Бул тууралуу Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова кыздын энесинин айткандарына таянып билдирди. Анын айтымында, жабыркаган кыз коркуп, көп сүйлөбөй калган. Бул факт боюнча милицияга арыз берилди.

- Кыздын абалын туруктуу деп айта албайм, бир аз оор. Калтырап-титиреп көп сүйлөй албайт. Апасы өзү үстүнөн чыгып калганын айтып жатат. Бул үй-бүлөнүн эртеңки күнү кандай болот деген маселе да орчундуу болуп жатат. Айылдагылар бирин бири жакшы таанышат, кыз окушу керек. Психологиялык жактан кыздын жагдайы оор болуп турат.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев зордуктоо фактысы боюнча арыз түшкөнүн, керектүү экспертиза дайындалганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыздын энеси зордуктоо фактысы 2016-жылы болгонун айткан. Атасы суракка алынып, күнөөнү мойнуна алган эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2017-жылы жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG