Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөр эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-октябрдын кечинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүү катары кармалган эки жарандын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу маркумдун уулу Азирет Жакыпбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

"Кыргызаэронавигация" ишканасынын башкы директорунун орун басары Жакыпбаев 21-октябрда Бишкекте айдоочулардын жаңжалынан каза болгон. Милициянын маалыматына караганда, анын машинеси дагы бир автоунаа менен кагылышып, айдоочулар уруша кетишкен. Жакыпбаев башы менен жерге катуу тийип, алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан.

Маркумдун жесири эки киши күйөөсүн катуу буюм менен чаап, качып кетүүгө аракет кылышканын айтып берген. Милиция экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы маалымдады. Буга чейин маркумдун жакындары шектүүлөр жоопкерчиликтен кутулуп, эркиндикке чыгууга аракет кылып жатышканын жазышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG