Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын баяндамасын угат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 2016-2017-жылдарда адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышы боюнча Акыйкатчынын баяндамасын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ушул эле күнү Кыйноонун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбор былтыр катталган жагдайлар боюнча маалымат берет.

Жогорку Кеңеш эки айдан бери орду бош турган акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду 26-сентябрда шайлаган.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет.

Буга чейинки эки акыйкатчы Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаевдин ишин парламент "канааттандыралык эмес" деп мөөнөтүнөн мурда кетирген. Кызматынан өз каалоосу менен кеткен акыйкатчы Кубат Оторбаевге карата да парламент ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп, ошол бойдон токтоп калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG