Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

"Sky News": журналист Хашогжинин денесинин бөлүктөрү табылды


Хашогжинин сүрөтү.
Хашогжинин сүрөтү.

"Sky News" телеканалы өз булактарына таянуу менен Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулунун үйүндөгү бакчадан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин (Хашогжи) денесинин бөлүктөрү табылганын билдирди.

"Sky News" журналисттин сөөгү бир нече бөлүккө ажыратылганын белгилеген.

Бул маалымат расмий түрдө тактала элек. Буга чейин түрк медиасы саясатчы Догу Перинчекке шилтеме жасоо менен журналисттин денесинин калдыктары консулдун резиденциясынын кудугунан табылганын кабарлаган. Бул маалымат да расмий түрдө тастыкталган эмес.

Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган. Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоого убада берүүдө. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан.

Бирок Түркиянын президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү "күн мурунтан" пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялады. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып, бирок сауд бийлигин киши өлтүрүү үчүн түздөн-түз айыптаган жок.

Батыш өлкөлөрү Эр-Рияддын түшүндүрмөсүнө карабай, журналисттин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөнү талап кылууда. АКШда Сауд Арабиясы менен өнөктөштүктү кайра карап чыгууга чакыргандар бар.

XS
SM
MD
LG