Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Социалдык өнүгүү министринин кызматына Кочкоров сунушталганы кабарланды


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Мурдагы депутат Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына көрсөтүлгөнүн "Азаттыкка" парламенттеги маалымат булактары ырасташты.

Министрдин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Анын натыйжасында Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG