Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Азамат Жаманкулов маданият министринин кызматына сунушталды


Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин сунуш кылды. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" бышыктады.

Азамат Жаманкулов ушул кезге дейре министрдин орун басары жана мекемеге караштуу Туризм департаментинин жетекчиси болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Султан Жумагулов быйыл 8-октябрда 59 жашында көз жумду. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн.

XS
SM
MD
LG