Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:11

Жунушалиев: Уюшкан кылмыштуу топтордун 181 мүчөсү кармалды


Кашкар Жунушалиев.

Кыргызстанда учурда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кылмыштуу топтордун 181 мүчөсү кармалган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев басма сөз жыйынында билдиргендей, алар - Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев жетектеген топтор.

- Батукаев Орусия Федерациясында жазасын өтөп жатат. Бокушев криминалдык чөйрөдөн кеткен. Кадимкидей эле жашап атат. Анын тобунун мүчөлөрүн тынымсыз көзөмөлдөп турабыз. Ал эми Көлбаевдин өзү жана анын тобунун мүчөлөрү да биздин көзөмөлүбүздө. Бул топтун көптөгөн мүчөлөрү кармалып, жазага тартылууда.

Буга чейин Башкы прокуратура да Кыргызстанда үч ири кылмыштуу топ бар экенин, Көлбаевдин, Бокушевдин жана Батукаевдин топторунун болжолдуу мүчөлөрүнүн саны 550 адамдан аша турганын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG