Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:42

Столтенберг: НАТО Москванын аракеттерине карабастан, Европада өзөктүк арсеналын көбөйтпөйт


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

АКШнын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгуу аракетинин башкы себеби - аны Орусия бузуп жатканы. Бирок НАТО мамлекеттери Орусиянын жаңы ракеталык долбоорлоруна карабастан, Европада өзөктүк арсеналын көбөйтпөйт. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Кошмо Штаттардын Орусия менен түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгуу ниети тууралуу комментарий берип жатып айтты.

- Биздин баабызда Орусия келишимди бузуп жатат. Муну ал жаңы 9M729 жер ракетасын жасап жатканын айтуу менен өзү далилдеди. Бирок буга жооп кылып, өнөктөш өлкөлөр Европага чоң өзөктүк курал жайгаштырбайт, - деди НАТОнун баш катчысы.

Столтенберг Түндүк Атлантикалык Альянс тирешүүгө барбай турганын, бирок кандай гана коркунуч болбосун, өз өнөктөштөрүн коргой турганын да билдирди.

Вашингтон Орусия менен АКШнын ортосунда 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF) келишимден чыгууга ниеттенип жатканын президент Дональд Трамп 20-октябрда жарыялаган. Трамп 22-октябрдагы сөзүндө анын өзөктүк келишимден чыгуу тууралуу чечими Москва ошол келишимдин шарттарын бузганына эле эмес, Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканына да байланыштуу экенине токтолду.

Трамптын жарыясынан кийин орусиялык расмий өкүлдөр АКШнын келишимден чыгышы “опурталдуу” кесепеттерге алып барарын эскертишкен.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Кытай бул келишимге кирген эмес.

Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

XS
SM
MD
LG