Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Жанарбек Акаев: Шамбесайда элге күч колдонулду


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду Кадамжайга барып, Шамбесай алтын кени боюнча нааразылык билдирип жаткан элдин үнүн угууга чакырды. Бүгүн депутат бул маселени парламенттин жыйынында көтөрүп, кенди иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундарга күч колдонулганын билдирип, “60тан ашып калган апаларды колун кайрып, өтө орой мамиле кылышты” деди:

- "Шамбесайда сегиз тонна алтын бар" деп жатабыз. Беш жылда 200 миллион сом берет экен, Кыргызстанга. Анын 40 миллиону Майдан айыл өкмөтүнө. Бир жылда сегиз миллион гана түшөт. Сегиз миллионду алар ошол жердеги дыйкан чарбасы, мал чарбасы болуп, мөмө-жемишин сатып деле "таап алабыз" деп жатышат. Кенди биз ит бекер карматтык.

Депутат кендерди иштетүүгө каршы эмес экенин, себеби андан мамлекеттик бюджетке салык түшөрүн айтты. Бирок ал Шамбесай боюнча лицензияны кайра карап чыгыш керек деген пикирин билдирди.

"Экология бузулат" деген негизде Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү элдин нааразылыгы көптөн бери токтобой келе жатат.

Шамбесайда болжол менен 12 тоннага жакын алтын бар экени буга чейин кабарланган. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүү укугуна кытайлык “Тианди” компаниясы ээ.

Депутат Акаевдин Майданда күч колдонулганы тууралуу билдирүүсүнө тиешелүү органдар азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG