Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, кылмышка шектүү эки кишини Орусиядан экстрадициялоо аракеттери уланууда:
- Кылмышка катышкан кылмышкерлердин баары тең кармалган. Экөө Орусияда. Аларды экстрадициялоо маселеси чечилип атат. Кылмыш иши сотко кеткен. Азыр сот жүрүп жатат. Кимдин күнөөсү канчалык экенин сот чечет. Саясий мотив боюнча ар кимдин өз көз карашы бар. Бар-жогун да сот чечет.
42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен.
ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Алар - Э.Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Мекеменин маалыматына караганда, Э.Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалган. Үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган.
Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот жараяны быйыл сентябрда башталган.
Салянова инисинин өлүмү "саясий буюртма болушу мүмкүн" деп эсептейт. Милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келе жатат.
Буга чейин Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан деген Э.Осмонкулов Ошто ишкерди карактоого шектүү экени ачыкка чыккан. Аида Салянова бул адам Улан Саляновдун өлүмүнө чейин да кылмыштарга барганы белгилүү болгону менен кармалбай жүргөнүн билдирген. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Э.Осмонкулов катышкан Оштогу кылмышта ишкердин 1 миллион 300 миң сому тонолгон.
Саляновдун өлүмүнөн кийин Осмонкулов мыйзамда көрсөтүлгөндөй ай сайын укук коргоо органдарына барып, Кыргызстандын аймагында экенин билдирип, каттоодон өтүп жүргөнү ачыкка чыккан. Анын кандуу окуядан эки айдан кийин гана кармалганы көп суроо жараткан. (NT)