Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Жаштар арасында жемкорлукка каршы сынак жарыяланды


Сынак жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналууда.
Сынак жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналууда.

Кыргызстанда жемкорлукка каршы балдар жана жаштар арасында мыкты сүрөт жана кыска видеого сынак жарыяланды.

Анын максаты – паракорчулукка каршы коомдук пикирди калыптандыруу, жаштарды жана балдарды бул багыттагы укуктук база менен терең тааныштырып, жемкорлукка каршы күрөшүүгө үндөө.

Сынак 9-декабрь – БУУнун Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналып уюштурулууда.

«Жемкорлук балдардын көзү менен» деген сүрөт сынакка 1-8-класста окугандар катыша алат. Эки категория боюнча жеңип чыккандар скутер гири менен сыйланат.

Ал эми «Жемкорлукту токтот!» деген темадагы видео роликтер сынагына 9-10-класстын окуучулары жана студенттер катышса болот.

Иш-чараны Юстиция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирге уюштуруп жатышат.

Коррупция көйгөйү Кыргызстандын экономикасына, элдин жашоо деңгээлине терс таасир тийгизип жаткан негизги фактор экени быйыл жыл башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгиленип, тийиштүү мекемелерге бул көрүнүшкө каршы ишти күчөтүү зарылдыгы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG