Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Саудиянын мураскер ханзаадасы Хашогжинин өлүмү боюнча үн катты

Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман (оңдо) маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.
Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман (оңдо) маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман оппозициялык журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө анын кеңешчилеринин катышы бар деген дооматттардан кийин биринчи жолу үн катты.

CNNдин билдирүүсүнө караганда, ханзаада Эр-Риядда ишкерлер менен болгон конференцияда сөз сүйлөп, журналисттин өлүмүн “көңүл иренжиткен кылмыш” деп атады.

- Бул бардык саудиялыктар үчүн оор окуя болду. Мындай болбошу керек эле, - деген Салман күнөөлүүлөрдү мыйзам менен жазалоого убада берди.

Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоого убада берди. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан.

XS
SM
MD
LG