Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Трамп демократтарга “почта бомбасын” жөнөткөндөрдү табууга убада берди


Журналисттер мурдагы президент Барак Обаманын үйүнүн сыртына чогулган учур. 24-октябрь, 2018-жыл.
Журналисттер мурдагы президент Барак Обаманын үйүнүн сыртына чогулган учур. 24-октябрь, 2018-жыл.

АКШ президенти ошону менен катар америкалык медианы “кастыкты” токтотууга чакырды.

Трамптын бул сөздөрүнө чейин Демократиялык партиянын айрым белгилүү өкүлдөрүнүн жана Ак үйдүн саясатын сындап жүргөн башка коомдук-мамлекеттик ишмерлердин үйлөрүнө жарылуучу түзмөктөр жөнөтүлгөн эле.

АКШ президенти 24-октябрдын кечиндеги сөзүндө бул ишти жасагандарды табууга убада берип, америкалык медианы “такай терс окуялар” менен “жалган чабуулдардан” баш тартууга үндөдү. Ошондой эле ал АКШда “саясий кыянатчылык аракеттерине орун жок” деп билдирди.

Кечээ АКШда жардыруучу түзмөктөрдү камтыган шектүү почта СNN телеканалынын кеңсесине, мурдагы президент Барак Обаманын, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун, Борбордук чалгын кызматтын мурдагы директору Жон Бреннандын, мурдагы башкы прокурор Эрик Холдердин, бир күн мурда миллиардер жана Демократиялык партиянын башкы демөөчүлөрүнүн бири Жорж Соростун үйүнө жөнөтүлгөн. Ал түзмөктөрдүн бири да жарылган эмес.

Окуя 6-ноябрда өтүүчү Конгресстин мүчөлөрүн шайлоо алдында болду. ФБР кылмышка шектүүлөрдү издей баштады.

Президент Трампты сындагандар аны өз сөздөрүндө кастыкты козутканы үчүн айыпташты. (UE)

XS
SM
MD
LG