Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Ооганстан: аскердик операциядагы жай тургундардын өлүмү иликтенүүдө


Нангархар провинциясындагы нааразылык. 24-октябрь, 2018-жыл.
Нангархар провинциясындагы нааразылык. 24-октябрь, 2018-жыл.

Нангархар провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн түнкү рейдинде кеминде он төрт адамдын өмүрү кыйылган. Буга нааразы болгон адамдар кечээ Ооганстан менен Пакистанды туташтырган кан жолду буушкан.

Жергиликтүү тургундар менен курман болгондордун жакындары өлгөн адамдардын сөөгүн кан жолдун боюна да чыгарып коюшту.

Ооган бийлиги азыр кандуу окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

Жергиликтүү “TOLO NEWS” маалымат агенттигинин кабарына караганда, Нангархардагы аскердик операция учурунда кеминде 17 киши мерт болгон.

Улуттар Уюмунун соңку баяндамасына караганда, быйылкы жылдын тогуз айында Ооганстанда жардыруулар менен кол салуулардан улам 2798 жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 5252си жарадар болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG