Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Казакбаев: Бабанов өкмөт менен президентке жардам берүүгө даяр (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш иштери калыстык менен каралып, жабылса өкмөт менен президентке көмөктөшүүгө даяр.

Бул тууралуу Бабановдун партиялашы, Жогорку Кеңештеги "Республика -Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев "Азаттыктын" түз ободогу "Эки бир" телеберүүсүндө билдирди. Казакбаевдин айтымында, Бабанов азыр бизнес менен алектенүүдө.

- Бабановдун Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде, мисалы Орусияда долбоорлору бар экенин билесиздер, - деген Казакбаев Бабанов азыркы президентти колдой турганын кошумчалады.

11-октябрда Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Бабановдун ишин калыс карап берүүнү өтүнгөн. Бабановдун саясатка кайтып келүү ниети жоктугун, инвестиция тартуу жана кайрымдуулук фонддору аркылуу мамлекет менен элге жардам берүүнү көздөп жатканын да айткан.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-299-беренелери менен иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Бабанов шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG