Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бабановдун тарапташы ортого түштү


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жакында Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев президентке кайрылып, партиялашы Өмүрбек Бабановдун ишин калыс карап берүүнү өтүндү.

11-октябрда Өмүрбек Бабановдун партиялашы, жакын адамдарынын бири депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, президентке кайрылды.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Урматтуу Сооронбай Шарипович, жакында “буга чейин өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандарга жолугуп, алар менен ачык сүйлөшүүгө даярмын. Менин негизги максатым - өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келген, өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдү жана жигердүү адамдарды бириктирүү” деп айттыңыз. Ушул идеяны убагында Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин биринчилерден болуп колдоп берип, шайлоочуларын тынчтандырып, өзүңүздү куттуктап, өлкөдөн чыгып кеткен. Бийликтин эркин иштешине, бекемделишине өз салымын кошуп, өлкөгө келбей турду. Туруктуулук үчүн депутаттык мандатын тапшырып, сөзүнө бекем туруп, саясатка аралашкан жок. Менин кайрылуумдун себеби - бул маселени калыс карап берсеңиз.

Руслан Казакбаев "Азаттыкка" бул тууралуу комментарий берип жатып, "Бабановго козголгон кылмыш иши саясий буюртманын негизинде гана ачылган, ага экспертизанын жыйынтыктары далил" деген оюн билдирди.

- Он-Адырда сүйлөгөн сөзү тууралуу УКМКда жергиликтүү илимпоздордон да, чет элдик орусиялык илимпоздордон да түзүлгөн комиссиялардын беш-алты жыйынтыгы жатат. Ал жерде "Он-Адырдагы сөзүндө улут аралык араздашууга чакырган маани жок" деп айтылган. "Саясий тажрыйбага таянсак, шайлоо учурунда андай сөздөр дүйнөдө айтылып жүрөт" деп жатышат.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Бирок Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзүнө бир катар коомдук ишмерлер каршы чыккан да жайы бар. Атап айтканда, ал окуя туурасында Боршайкомго кайрылган укук коргоочу Турсунбек Акун жогоруда сөз болгон комиссиянын корутундусуна макул болгон эмес.

- Ошондо көрдүңөр да, “бир милийса тийсе мага айткыла” деп атат. Президенттикке талапкердин антип айтканга кандай акысы бар? Ал эми “тизелеп жашаганча” деген сөздүн түпкүрүндө “кыргыз эли силерди тизелетип жатат” деген маани жатат. Эмне, кыргыз эли өзбектерди тизелетип жатабы? Бул жерде Бабанов толугу менен эки элди кагыштырып жатпайбы. Бул ишти жөн койбой соттош керек, - деген эле Турсунбек Акун.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго үгүт өнөктүгүнүн маалындагы аракеттерге байланыштуу эки кылмыш иши козголгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “улут аралык кастыкты козутуу” жана Канатбек Исаевдин кылмыш ишине байланыштуу “бийликти күч менен басып алуу аракети” беренелери боюнча күнөөлөнгөн.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул эки иштин акыркысы кыскартылган:

- Өмүрбек Бабановго тиешелүү эки кылмыш иши козголгон. Учурда алардын бирөө токтотулган. Ал эми бирөө боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Партиялаштары Бабановду Кыргызстанга саясатчы эмес, жөн гана жаран катары кайтып келүүгө ынтызар экенин айтып келишет.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев учурда Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине ыңгайлуу өбөлгө түзүлгөнүн айтты:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

- Бабанов өз кезинде "саясаттан кеттим" деп сөз берген. Бирок саясатта баары өзгөрмөлүү. Менимче Бабанов оппозицияга кошулуп кетет дегенге негиз жок. Тескерисинче, келе турган болсо, президенттин командасына жардам берип коюшу мүмкүн. Баарыбыз күбө болгондой, “Республика” фракциясы бат эле башкаруучу коалицияга кирип алган. Андыктан эгер ал келчү болсо кыйынчылык туудурат деген болбойт.

Буга чейин "The Diplomat" эл аралык басылмасы Кыргызстандын азыркы бийлиги Өмүрбек Бабановго мамилесин өзгөрткөнүн айткан, ага козголгон кылмыш иштерин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликти сактап калуу аракети катары сыпаттаган. Өмүрбек Бабанов өзү өлкөдөн чыгып кеткенин деп соолугуна байланыштырган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG