Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

"The Diplomat": Бийликтин Бабановго ниети өзгөрдү


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-24-сентябрь).

Лондондо чыккан "Calvert" журналы 19 жаштагы Зере Асылбек кыргыз коомчулугун жаатташкан эки топко бөлгөнүн, музыка Интернетке бир нече ай мурда жүктөлүп, бирок клиби чыгары менен талкууга түшкөнүн жазат. Ошондой эле басылма Зерени "феминист" деп атап, анын кыргыз ишкер аялдарын өнүктүрүүгө багытталган "Ютубдагы" каналы тууралуу да маалыматты кошкон.

Бул каналда Зере: "Ишкерликке кадам таштасаң анда ар кандай бут тосууларга даяр бол. Айрыкча кыз-келиндерди абдан көп кыйынчылыктар күтөт. Элге сен өзүңдү идиш жууган, бала төрөгөн жагынан гана ийгиликтүү аял катары эмес, бир ишти аткара ала турган адам катары да көрсөтө алсаң гана ийгиликке жетесиң", - деген чакырыктарды жасаганын англис басылмасы белгилейт.

Ал эми "ArabNews" веб-сайты Зеренин "Кыз" аттуу клиби Борбор Азияда сенсацияга айланганын, буга кошумча ага карата коркутуулар болгонун баяндап, Кыргызстандагы кыздын өлүмүнө чейин жеткирген, жүздөгөн ала качууларга каршы чыгарма катары сыпаттаган.

Баш кеңсеси Копенгагенде жайгашкан "Freemuse" уюму да өз сайтында Зерени колдоп, кыргызстандык музыкантты опузалагандардан коргоону бийликтен талап кылды.

"Зере өзүнүн каалаган идеясын искусствонун бардык жолу аркылуу чагылдырууга толук укуктуу. Анын жеке коопсуздугуна эч кандай коркунуч болбошу керек. Кыргызстандын бийлиги өнөр адамынын көз карашын сыйлап, коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү", - деди аталган уюмдун аткаруучу директору Срирак Плипат.

Бир адамга байланган саясат

"The Diplomat" басылмасынын Борбор Азия боюнча аналитиги Кэтрин Пуз саясатчы Өмүрбек Бабановго азыркы бийликтин мамилеси өзгөрө баштаганын жазды.

​"2011-2012-жылдары Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин алгачкы жылдарында өкмөттү башкарган Бабанов кийин "Республика" партиясын жетектеп, 2017-жылы президенттикке ат салышты. Ошол жылдын башында анын саясатчы катары өлкөдө аброю күчтүү эле.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу Атамбаевге жакпай, акыры эки өлкөнүн президенттери тирешип, Бабановго бир нече кылмыш иши ачылган. Шайлоодон кийин ал Орусияга чыгып кетип, ошол бойдон мекенине кайта элек. Азыркы бийлик Бабановго ачылган кылмыш иштерин четинен жаба баштаганда кыргыз саясатынын чырмалышкан түйүнү чечилгендей.

Атамбаев Бабановду азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн куугунтуктаган эле. Ал эми Жээнбековдун бийлиги эми ага карата кылмыш иштеринин бирин токтотууда. Себеби Бабановго каршы айыптоолор жалаң гана саясий максатты көздөгөндүктөн кылмыш иштери четинен жабыла баштады. Ушундан улам Кыргызстандагы саясат бир гана адамдын айланасында айланаарын көрсө болот", - деген ойдо Кэтрин Пуз.

Трамптын администрациясын колго алган олигархтар

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болгон таасиринде олигархтардын ролу чоң экенин "Time" журналына журналист Саймон Шустер жазды.

"Орусиянын президенти өлкөдөгү эң бай адамдарды АКШ саясатындагы таасирлүү чөйрөгө аралашкан чекисттерге айландырды", - деген журналист Прагадагы Эл аралык мамилелер институтунун эксперти Марк Галеоттинин "алар ээсине Кремлге өлүк чычкандарды ташыган мышыктар", - деген оюн кошкон.

"2014-жылы Трамптын кызы Иванканы жана анын күйөөсүн, азыркы президенттин кеңешчиси Жаред Кушнерди орусиялык миллиардер мейманга чакырган.

Владимир Путин
Владимир Путин

Дагы бир орустун чириген байы Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэнге 2017-жылы 500 миң евро сыйакы берген" - деген сыяктуу бир нече мисалдарды келтирди журналист.

2000-жылы Владимир Путин Москванын сыртына орусиялык чириген байларды чакырган. Байлардын көбү Путин менен иштешүү оңой болоруна ишенишчү. Бул тууралуу финансист Сергей Пугачев: "Бизди Сталиндин дачасына чакырганынын өзүндө мандем бар эле. Ал бизде бийлик бар болгону менен мамлекеттик бийликтен ашып түшө албай турганыбызды көрсөткүсү келди. Мунун натыйжасын биз акыркы 10 жылда көрдүк", - деп эскерген.

АКШ менен Батыш Европадагы бийликке таасир этүүнү Орусия абдан байлар аркылуу ишке ашырууда. Алардын бири - Виктор Вексельберг мунай менен темир иштетүүнүн магнаты, 2000-жылы дачадагы жолугушууга баргандардын бири. Анын аталаш бир тууганы Нью-Йорктогу инвестициялык ири корпорациянын башында турат", - деген Шустер Дерипаска менен Манафорттун кызматташтыгын да талдаган.

Буга кошумча Дональд Трамп 1987-жылдан бери эле Орусияда ишкердик кылууга кызыгып жүргөнүн, азыр эми буга мыкты шарттар түзүлгөнүн кошумчалайт "Time".

Англис тилин жек көргөн индустар

Индияда англис тилинин статусу 1835-жылы британиялык колониалдык жетекчи Томас Макалей биринчи Батыш мектебин ачкандан бери талашка түшүп келерин, азыркы президент Венкая Найду англис тилин "британиялыктар калтырган жугуштуу оору" деп атаганын "The Wall Street Journal" жазды.

Ошол доор бүткөндөн бери өлкөдө англис тилинин статусу боюнча талаш-тартыш токтой элек. Бул тил аркылуу индустар экономикалык атаандаш дүйнөдө ат салышып, саясий элитасынан тарта кино жылдыздарына чейин бири-бири менен пикир алышкан орток тилге айланган. Бирок улутчул индустар англис тилине өтө чоң маани берүүнү тынымсыз сындап, "акылдын кулчулугу" деп атап келишет.

Анткен менен 125 миллион индиялык бул тилде эркин сүйлөйт. Англис тилинин Индиянын экономикасындагы орду чоң. Дүйнөдөгү англис тилдүү жумушчуларды иш менен камсыз кылган өлкөлөрдүн сап башында Индия турат. Ошондой эле Индиядагы ири IT компаниялар англис тилинде иш алып барат. Ушундан улам индустар куру шовинизмге алдырбашы керектигин кошумчалайт "The Wall Street Journal".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG