Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Бурулайдын сотунда күбөлөр суралды


Бурулай Турдаалы кызы.
Бурулай Турдаалы кызы.

Бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти карады.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сотто күбөлөр суралды.

Күбө катары бүгүнкү жараянга Бурулайдын коңшулары жана анын жаназасын окуган молдо - жалпысынан үч киши келген. Калгандары келген эмес. Молдого Бурулайдын көкүрөгүндө жазуу бар-жогун карабаганын айтты. Алар суралып бүткөндөн кийин сот аяктап, кийинки териштирүү 30-октябрга белгиленди.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган. (AiA/NT)

XS
SM
MD
LG