Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Депутат Казакбаев: Бабанов Жээнбековду колдоп жатат (видео)


Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов.
Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду колдойт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Руслан Казакбаев билдирди:

- Болгон ою бир эле – саясатка айланып кеткен иштери адилет каралып, жабылса. Албетте, ишкер катары өз жардамын бере берет. Бирок керек болсо Кыргызстанга келип өкмөткө, президентибизге жардам берүүгө ал даяр.

"Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бабанов бул айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG