Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Депутат Келдибаев: "Азаттык" иликтегенден кийин гана кыймылдайбызбы? (видео)

Сагындык Келдибаев.
Сагындык Келдибаев.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-октябрдагы жалпы жыйынында "Азаттыктын" Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча иликтөөсү тууралуу сөз козголду.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев акыркы мезгилде журналисттер көтөрмөйүнчө, маселе чечилбей калганын айтып, нааразы болду:

- Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айлана-четинде 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган. Муну жакында эле "Азаттыктын" журналисттери да иликтеп чыкты. Биз эмне, "Азаттыктын" журналисттери иликтегенден кийин кыймылдайбызбы? Мыйзамсыз курулуштар, аны курган компаниялар, ким күнөөлүү экенин иликтеп чыгышыбыз керек. Президент "коррупцияга каршы күрөшөбүз" деп катуу аракетте. А бирок күч органдары ушунун баарын көрүп туруп, эч кандай реакция кылбай жатат. Шаардагы 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттын айынан жарандарыбыз жабыркоодо. Натыйжада алар айыл чарба багытындагы жерлерге эч кандай "кызыл китеби" жок эле имараттарды салып, сатып жатышат. Буга ким жоопкерчилик алат? Үйдү салган компаниябы же сатып алган жаранбы, уруксат берген архитектурабы же Экотехинспекциябы? Баарын иликтеп, күнөөлүүлөрдү табууга тийишпиз.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы быйыл 3-октябрдагы чыгарылышында Бишкектеги турак жай курулушундагы алдамчылыкты, башаламандыкты,​ "батир алам" деп акча төлөп, бирок берген каражатынан да, үйдөн да кур жалак калгандардын арыз-муңун, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. (NT)

XS
SM
MD
LG