"Катар кайрымдуулук уюму" 25-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыржол айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт ачып берди.
Имаратты аталган уюмдун каржылоосу менен “Ассанабил” фонду куруп, ал мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлгөнүн уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.
"Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт үчүн бөлмөлөр, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санитардык бөлмө, жылытуу системасы менен имарат толук ишке берилди. Ал эмерек, тиешелүү медициналык жабдуу, дары-дармек сактоочу аппараттар менен камсыздалды" деп жазылат маалыматта.
Пункттун ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков, “Qatar Charity” уюмунун Кыргызстандагы мүдүрү Усама Турабий, “Ассанабил” фондунун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
2017-жылдагы Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде "Катар кайрымдуулук уюмунун" каржылоосу менен Кыргызстанда 9 медклиника курулуп, 25-октябрда анын эң акыркысы колдонууга тапшырылды.