Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттешинде. 25-октябрь, 2018-жыл.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттешинде. 25-октябрь, 2018-жыл.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын даана артыкчылык менен жеңди.

Алгач 1/8 финалда ал түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0, чейрек финалда армениялык Норайр Хакхоянды 11:0, жарым финалда түркиялык Екрем Өзтүрктү 9:0 эсебинде жеңип алды.

Алдыда кыргыз балбаны алтын байге үчүн азербайжандык Элданиз Азизли менен күч сынашат. Эки балбандын таймашы 26-октябрда болот.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты. 55 кг. Жарым финал. Е.Өзтүрк (Түркия) - Ж.Шаршенбеков (Кыргызстан) 0:9. 25-октябрь, 2018-ж. Будапешт.

Жоламан Шаршенбеков 19 жашта. Ал быйыл февраль айында Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-ж.) күмүш медал тагынган.

Шаршенбековдон сырткары бүгүн, 25-октябрда күрөштүн эле түрүнөн кыргызстандык эки балбан дүйнө чемпионатында күчтөрүн сынады.

82 килограммга чейинки салмакта Атабек Азисбеков кытайлык Жунжие Наны (7:6), германиялык Роланд Шварцты (8:2) жеңип, бирок жарым финалда венгриялык Петер Баксинин эсебин таба албай калды (П.Бакси 12:4 А.Азисбеков). Алдыда 26-октябрда коло байге үчүн күч сынашат. Атаандашы азырынча белгилүү боло элек.

63 килограммга чейинки салмакта Урматбек Аматов мелдеште байгесиз калды. Ал алгач сербиялык Тамас Надды 9:0 эсебинде жеңип алса, чейрек финалда украиналык Ленур Темуровго жеңилип, мелдештен четтеди.

20-октябрда башталган спорттук күрөш (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, грек-рим күрөшү) боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаты 28-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн байгелер ойнотулган. Ал таймаштарда кыргыз балбандары байгелүү орундарга илинген жок. (ECh).

XS
SM
MD
LG