Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Балбан Акжол Махмудов өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду


Акжол Махмудов. 14-сентябрь, 2016-ж. Тбилиси. Грузия.
Акжол Махмудов. 14-сентябрь, 2016-ж. Тбилиси. Грузия.

Ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтында жазылган.

Маалыматка караганда 14-сентябрь күнү 69 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Махмудов жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Бул салмакта 25 өлкөнүн балбандары байге үчүн күч сынашууга чыгышкан. Махмудов алгачкы беттешинде 1/8 финалда армениялык Малкхас Амоянды килемге далысын таза тийгизип 8:2 эсебинде утту. Чейрек финалда жапониялык Гакуо Тагучини 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңди.Жарым финалда белорусиялык Артем Валасковичти дагы 8:0 эсебинде утуп алды. Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен таймашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип алтын медаль тагынды.

Өспүрүмдөр арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын биринчи мелдеш күнүндө Жоламан Шаршенбеков (54 кг.) менен Эрбол Бакиров (58 кг.) коло байгенин ээси болушкан. Бекназар Бакытбек уулу (46 кг.) Адиль Жумабеков (69 кг.), Акылбек Талантбеков (76 кг.) жана Медер Абыкеев (85 кг.) алгачкы беттештеринде атаандаштарына утулушуп мелдештерден четтешкен. 13-сентябрда башталган дүйнө чемпиондугу 18-сентябрда аяктайт. Бүгүн кыздарарасында эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. Эртең эркектер арасында эркин күрөш боюнча байгелер ойнотула баштайт. (ECh).

XS
SM
MD
LG