АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жума күнү Грузияга барат. Бул тууралуу грузин премьер-министри Мамука Бахтадзе билдирди.
- Болтон менен сентябрь айында Вашингтондо жолугуп, эки тараптуу кызматташтык, аны өнүктүрүү, аймактагы коркунучтар тууралуу сүйлөшкөнбүз. Болтон Грузиянын ишенимдүү досу, - деди ал.
Өкмөт башчы АКШ-Грузин байланышын жогору баалады.