Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Бишкек ЖЭБинде жаӊы химиялык цех иштей баштады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жаӊы химиялык цехтин курулушу 1-октябрда бүткөрүлүп, 18-октябрда ишке киргизилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-октябрда парламент жыйынында билдирди.

“Электр станциялары” ишканасы буга чейин тараткан маалыматка караганда, жаңы цехтин кубаттуулугу саатына 144 куб метрге жетет. Химиялык цехтеги жаңы жабдуулар бардык экологиялык нормаларга туура келип, автоматтык режимде иштейт.

Жаңы цехтин курулуш иштерин ЖЭБди модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырды. Мекеменин маалыматына караганда курулуштун баасы 4,5 млн. долларды түзүп, ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү ЖЭБдин адистерин бир жыл бою жаңы жабдуулар менен иштөөгө үйрөтөт.

Быйыл 26-январда ЖЭБдеги суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, - 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ЖЭБ тууралуу сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Териштирүүдө химиялык блок салынбай калганы айтылып, энергетика тармагындагы адистер аварияны ушул мүчүлүштүк менен байланыштырган.

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланды. (NT)

XS
SM
MD
LG