Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 16:24

ЖЭБ чуусу: эстен чыккан эски ката


Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) химиялык цехтин курулушу долбоорлоо документтери жок эле башталды. Өкмөт цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

"Электр станциялары" ишканасы курулуш өкмөт белгилеген мөөнөттө бүтөрүнө убада берип жатат. Энергетика тармагындагы адистер бул убаданын аткарылышынан күмөн санап, курулуштун долбоорсуз жүрүп жатканын сынга алууда.

28-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйылкы күз-кыш мезгилине даярдыкты текшергени ЖЭБге барып, химиялык цехтин курулушун быйыл 1-октябрга карата аяктоону тапшырды. Ал ишти үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүү зарыл экенин, эч кандай шылтоо кабыл алынбасын катуу эскертти. Боронов “Азаттыкка” январдагыдай кырдаалдын алдын алуу үчүн болгон аракетти жумшап жатышканын билдирди:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Авария же кайсы бир тетик иштен чыгышы мүмкүн. Андай учурда аны сөзсүз дароо алмаштырып, ага күч келтирбегендей кылып иштетиш керек. Иши кылып элди тоңдурбаш керек деген тапшырманы бердик.

ЖЭБде жаңы химиялык цех курулары быйыл январдагы авариядан кийин ачыкка чыккан. Химиялык цех үчүн Кытайдын TBEA компаниясы 6 миллион долларга жакын каражат бөлүп, курулушка керектүү жабдуулар марттан тарта ташылып келе баштаган. Бирок долбоорлоо документтери даяр болбогондуктан курулуш токтоп турган. Июлдун ортосунда бул документтери жок эле иш башталганы белгилүү болду.

ЖЭБдин үстүнөн караган "Электр станциялары" ачык акционердик коому курулуш иштери өкмөт талап кылгандай эле 1-октябрда бүтөрүн жарыялады. Анткен менен энергетика тармагындагы адистер андан күмөн санап жатышат.

Январдагы кырдаалдан кийин иштен алынган Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ишкананын айланасында азыр деле мурдагыдай күмөндүү иштер болуп жатканын белгилеп, курулуштун долбоорсуз башталганына таң калганын жашырган жок:

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

- ЖЭБде иштеген балдар менен жолугуп, сүйлөшүп турабыз. Алар биринчи вице-премьер-министр келип, "1-октябрга чейин бүтүргүлө" деп тапшырма берип кеткенден кийин эле "бул мезгилде иш бүтпөйт, анткени абдан кеч башталды" дешкен. Жазды, жайдын жарымын өткөрүп жиберишти. Эч нерсе жасалбай, ремонт да болбой, ошол бойдон турат. Мурункусунда да иш долбоорлоо документтери жок эле башталбады беле? Азыр деле ушундай. Боронов тапшырма бергенде деле долбоору жок болчу. Ушу тушта келдиби же жокпу билбейм. Бирок долбоорлоо документтери жок эч нерсе бүтпөйт. Баары долбоорлоо документтери такталып бүткөндөн кийин башталышы керек болчу. Булар кайра эле мурдагыдай кылып, "адегенде курулушту баштап, андан кийин тиешелүү документтерди жасап коебуз" деп атышабы, түшүнүксүз болуп турат.

Нурлан Өмүркул уулу өндүрүштүк кырсыктан кийин ЖЭБди модернизациялоо иштери да долбоорсуз жүргүзүлгөнүн, көптөгөн кайрылууларга карабай химиялык цех курулбай калганын билдирген. Мындай эреже бузуу Эсеп палатасы жүргүзгөн аудитте да аныкталган.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетектөөчү адиси Каныбек Оморов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып цехти куруу долбоорсуз жүрүп жатканын ырастады. Анын айтымында, курулуш өкмөттүн 30-майдагы №252 токтомунун негизинде башталган:

- Курулуштун эки этабы бар. Биринчиси - Архитектура жана курулуш агентигинен жана башка мекемелерден уруксат алыш керек. Ал нерсе бүткөн. Экинчиси - долбоорлоо документтеринин экспертизаларын курулушка шайкеш келтирүү жараяны жүрүп жатат. Ошонун баарын жөнгө салуу менен катар курулуш да жүрүп жатат. Анын баарын 1-октябрга чейин бүткөрүү пландаштырылган. Кышында керектен чыккан жабдыктар бүт алмаштырылды, - деди Каныбек Оморов.

Сөз болуп жаткан химиялык суу тазалоо цехи ЖЭБдин ишинде өтө маанилүү. Ал сууну тазалап, буу казандарына жиберет. Андан жылуулук жана ысык суу чыгып, абоненттерге тарайт. Эксперт Расул Умбеталиев бул цехтин курулушу кышка чейин аяктабаса, январдагыдай кырдаал кайталанышы ыктымал деп кооптонууда. Цехтин курулушу октябрда бүтөрүнө анын да көзү жетпей турат:

- Эгер өз убагында курулуш иштери бүтпөй калса, анын шылтоосу оңой эле табылат. Энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилери "кытайлыктар "бүтүрүп беребиз" деген" деп баарын ТВЕА компаниясына шылтап, күнөөлөп коюшат да, өздөрү "аппак" бойдон кала берет. Дагы бир маселе бар. Атайын долбоор түзүп, ошонун негизинде жаңы химиялык суу даярдоочу цех түтүктөргө, генераторлор менен энергетикалык блокко ылайык келеби же жокпу - баарын эсептеп чыгыш керек. Цехтин жабдуулары кандай иштей турганын да текшерүү зарыл. Антпесе былтыркыдай авария болбойт деген кепилдик жок.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Учурда химиялык цехтин курулушуна Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызматкерлери тартылган. "Электр станциялары" ишканасы тараткан маалыматта "ТВЕА компаниясы курулуш-монтаждоо иштерин 1-октябрга чейин бүткөрүүнү максат кылып жатат" деп белгиленген.

Буга чейин ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ишкананы ремонттоого 2015-жылдан бери акча бөлүнбөгөнүн, былтыр августта модернизацияланган ишкананын ачылышын утурлай көзгө көрүнө турган имараттардын сырты эле оңдолгонун, кышындагы аварияга химиялык цехтин курулбаганы менен катар ушул жагдай кошул-ташыл болгонун билдирип чыккан.

Ар бир буроосуна чейин жаңыланганы расмий кабарланган ишкананын эшик-терезелери жок, абалы кейиштүү экени модернизациядан беш айга жетпей болгон авариядан кийин ачык көрүнгөн.

ЖЭБдин бул имараттары азыр деле оңдоло элек. Борбордун үстүнөн караган "Электр станциялары" "териштирүү иштери жүрүп жатат" деген негизде ишкананын ичине кирүү жана жаңы салынып жаткан цехти көрүү тууралуу "Азаттыктын" өтүнүчүн четке какты. Ага азыр эмес, эки жумадан кийин уруксат берилери айтылды.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин техникалык аварияны жана ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча төрт кылмыш иши козголгон, бир катар жетекчилер камакка алынган.

Бишкек ЖЭБи бүгүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

​Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG