Советтик жана орусиялык белгилүү актер Николай Караченцов Москвадагы онкологиялык клиникада көз жумду. Маркум 73 жашта болчу. 2017-жылы актерго "өпкөнүн өсмөсү (рагы)" деген диагноз коюлган. Жакындары анын Израилде дарыланганы натыйжа бербегенин айтышат.
Орусия Федерациясынын эл артисти 40 жылдай "Ленком" театрында эмгектенген. Калың көрүүчүлөргө кинодогу мыкты ролдору менен таанылган. 2005-жылы автокырсыкка учурап, оор жараат алгандан кийин актердук карьерасы менен кош айтышкан.