Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Пакистандын премьери акчалай жардам издеп Кытайга барат


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкө экономикасын кризистен чыгарууга жардам табуу максатында кийинки жумада Кытайга бармакчы. Ушул жумада премьер төлөмдөр балансындагы кризисти жөнгө салыш үчүн Сауд Арабиясынан 6 миллиард доллар алуу жөнүндө макулдашты.

24-октябрдагы телекайрылуусунда Хан өкмөт Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) алынчу болжолдуу карыздын көлөмүн азайтууну максат кылаарын белгиледи. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Хан 2-5-ноябрь күндөрү Бээжин жана Шанхай шаарларында болуп, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана премьер-министр Ли Кецян менен кездешет.

Пакистандын финансылык абалынан улам "Кытай менен ишке ашырылчу айрым долбоорлор токтоп калат" деген сөздөр айтылып келатат. Талдоочулар Хан иш сапарында Бээжинден каржылык жардам сурайт деп боолголошот. Буга чейин Кытай Исламабадга насыя берип келген жана “Бир алкак, бир жол” долбооруна ылайык, Пакистан инфраструктурасына 60 миллиард доллар сарптоого убада берген.

XS
SM
MD
LG