Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:30

Исакунова: депутат тастыкталбаган маалымат таратты


Таалайгүл Исакунова.
Таалайгүл Исакунова.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова парламент депутаттары "далилденбеген маалыматтарды жарыялап жатат" деп нааразы. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматынын түз эфиринде билдирди. Ал Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын "Исакунова үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет жактарга чыгып жүргөн" деп айткандары чындыкка туура келбей турганын, өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кошумчалады:

- Депутат ар бир сөзгө жооп бериши керек. Бирок саясий аренаны пайдаланып, тастыкталбаган, коомчулук анализ кылбай кабыл алчу маалыматтарды жарыялоо журналисттик технология болду. Анын "чет өлкөгө үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чыкты" деген биринчи жүйөсү гана элдин аң-сезиминде туруп калды. Мамлекеттик кызматты, финансылык иштерди түшүнбөгөн адам гана ушинтип сүйлөп, талкуулады десек болот. Бул таптакыр туура эмес. Бүгүнкү күндө депутаттар эч кандай негизсиз, тастыкталбаган маалыматтарды көтөрүп, аткаруу бийлигинин алсыздыгына алып келип атат. Бүгүн аткаруу бийлигине сөз тийип жатат. Ошон үчүн мамлекеттик кызматтан кетип, бул айым менен социалдык тармактарда болобу, сотко барамбы өзүмдүн ар-намысымды коргогонго мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек деген ойдо арыз жаздым.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Исакунованын айткандарына жооп кайтара элек.

Буга чейин ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Анын натыйжасында Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган.

25-октябрда Таалайгүл Исакунованын ордунда мурдагы депутат Улукбек Кочкоров министр болуп дайындалды. (NT)

XS
SM
MD
LG