26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байге алды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат.
Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңген.
Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0, чейрек финалда армениялык Норайр Хакхоянды 11:0, жарым финалда түркиялык Екрем Өзтүрктү 9:0 эсебинде утуп алган.
Анын бүгүнкү байгеси бул дүйнө чемпионатындагы Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы байге, ал эми Кыргызстандын грек рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал.
Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында алган.
Жоламан Шаршенбеков 19 жашта. Ал быйыл февраль айында Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-ж.) күмүш медал тагынган.