Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Кыргызстанга Путин мамлекеттик сапар менен келет


Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда карала турган маселе 26-октябрда Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери кезиккен учурда да талкууланды.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путиндин Бишкек сапарында онго жакын документке кол коюлары күтүлүп жатканын маалымдаган.

Владимир Путин акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылдын 28-февралында расмий сапар менен келген. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусияга 2017-жылдын июнь айында мамлекеттик сапар менен барган. (TSh)

XS
SM
MD
LG