Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров парламент депутаты Рыскелди Момбековдун “төө буурчак 25 сомдон болуп жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт” деп жооп берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү төө буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин кабыл алына баштады. Тагыраак айтканда, төө буурчактын сортторунун баалары, лопатка - 40-44 сом, томатный (Американка) - 30 сом, рябой - 45-47 сом, скороспелка - 48-50 сомдон сатылып жатат.
Садыров учурда төө буурчакты сатып өткөрүүдө эч кандай кыйынчылык жок экенин белгилеп, болгону лопатка сортун кабыл алуу фирмалардын каржылык маселесине байланыштуу убактылуу азайтылганын маалымдады.
25-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таластык дыйкандар төө буурчактын баасы өтө эле арзан болуп жатканына байланыштуу парламенттин алдына нааразылык акциясына чыкканы жатат деп айткан.
Расмий маалымат боюнча учурда Талас облусунун аймагында тоо буурчакты кабыл алуу боюнча 75 фирма өз ишин жүргүзүүдө.
Аталган фирмалар Таластын төө буурчагын Түркия, Албания, Македония, Болгария, Орусия ж.б. 23 өлкөгө экспорттоп жатат. Быйыл Талас облусу боюнча 57 миң гектар жерге төө буурчак айдалган.
Учурда анын 99,1 пайызы жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүк орто эсеп менен 18,5 центнерден айланып жалпы жонунан 95 миң тонна түшүм алынды. (AlS)