Түркия, Орусия, Франция жана Германиянын өлкө башчылары 27-октябрда Стамбулга чогулуп, Сириянын тагдырын талкууга алышты.
Бул өлкөдө согуштук кырдаал өкүм сүргөндөн бери 400 миңден ашуун киши каза таап, миллиондогон адамдар качкынга айланган.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Эммануэл Макрон жыйында Сириядагы согушту токтотуунун жолдорун, качкындар көйгөйүн, гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселелерин карашууда.
Түрк президентинин басма сөз катчысы Ирхаим Калин Сирияга тынчтыкты орнотуунун жол картасын түзүүдө саясий чечим чыгаруу да талкууланарын 26-октябрда белгилеген. (BCh)