Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Экс-президент Атамбаев өлкөгө кайтып келди

Алмазбек Атамбаев Москвага сапар алган учурда саясатчы Нариман Түлеев менен бирге түшкөн сүрөтү
Алмазбек Атамбаев Москвага сапар алган учурда саясатчы Нариман Түлеев менен бирге түшкөн сүрөтү

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, Москвада өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан соң Атамбаев баш болгон Социал-демократиялык партиянын делегациясы Бишкекке келди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 22-октябрда Орусияга сапар алганы белгилүү болгон. Ал учурда расмий түрдө Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “экс-президент Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышканы кетти” деп түшүндүргөн. Бирок айрым саясатчылар экс-президенттин Орусия сапары анын эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Икрамжан Илмиянов камакка алынган учурга туш келгендиктен өлкөгө кайра кайтып келбеши мүмкүн деп күмөн санашкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG