Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Милиция кармалган украиналык бизнес-тренер тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы борбордо тренинг маалында кармалды деген Андрей Иванов боюнча түшүндүрмө берди. Милициянын маалыматы боюнча, мастер-класс маалында тренер Ленин райондук милициясына алып келинип, административдик протокол түзүлгөн соң коё берилген.

Шаардык милиция Иванов Украинанын жараны экенин, Кыргызстанда иштөөгө уруксат албастан компания түзүп, тренингдерди өткөрүп жатканын билдирди. Эми Андрей Иванов административдик айып төлөшү керек.

Буга чейин Бишкекте тренинг өтүп жаткан маалда милиция Украинадан келген тренер Андрей Ивановду кармаганы айтылган. Ивановдун "Инстаграмдагы" баракчасынан түз эфир маалында милиция кызматкерлери тренингге кирип келгенин да көрүүгө болот.

Андрей Иванов Бишкекте АКШдан автоунаа алып келүүнүн жол-жобосу тууралуу тренинг өткөрүп жаткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG