Бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде каржылык жармаңке өтүүдө. Аны Улуттук банк, Кыргызстан банктарынын бирикмеси, Эл аралык каржы корпорациясы өңдүү мекемелер уюштурган.
Жармаңкеге Кыргызстанда иш жүргүзгөн бардык банктар катышып, электрондук төлөмдөр, банктык депозит жана элдин каржылык сабаттуулугуна байланыштуу мастер класстарды өткөрүп жатат. (BCh)