Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Слесарев: "Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат" деген сөздөр - чагым


Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

УКМКнын тергөө абагында отурган Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Илмиянов тергөө менен кызматташып, бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарып жатат" деген сөздөрдү чагым катары баалады. Ал Илмиянов коюлган айыптын баарын четке кагарын, күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди. 

- УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени алар буга чейин таратууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таратышчу. Алардын шектенүүсү "ушундай болду" дегенди билдирбейт, - деди Слесарев. Ал ошондой эле Илмиянов менен такай байланышып турганын, кардарынын ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон.

УКМК да, Илмияновдун адвокаты да козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Тактала элек маалыматка ылайык, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар пара алганы тууралуу арыз түшкөн. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG