Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Орусияда кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Новосибирск аймагында кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга жеткирилди. Алар 26-октябрда мекенине кайтарылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта балдар 6-7 айлык экени, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Новосибирсктеги вице-консулдуктун, Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен мекенине жеткирилип, тарбиялоочу мекемелерге жайгаштырылганы белгиленет. Учурда ымыркайларды туугандарына берүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Энелери турак жайы жана расмий никеси жок болгондуктан, жумушсуздуктун айынан балдарынан баш тарткан. Айрым ымыркайлардын ата-энесинин бири камалган.

Министрликтин маалыматына караганда, 2011-жылдан бери чет элде кароосуз калган 89 бала Кыргызстанга кайтарылды. Арасында 10 бала 2018-жылы алынып келген.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамга ылайык, баланын апасы же атасы Кыргызстандын жараны болсо, ымыркай кайсыл жерде төрөлсо да Кыргызстандын жараны болуп саналат.

XS
SM
MD
LG