Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

"Zanoza" боюнча иш дизайнердин пайдасына чечилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин район аралык соту zanoza.kg сайтынын логотиби жана бренди боюнча дизайнердин пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

29-октябрда ишти судья Нуриля Бекбаева карап, "Zanoza" товардык белгиси Александр Рябушкинге таандык экендиги тууралуу "Кыргызпатенттин" апелляциялык кеңеши чыгарган чечимди жараксыз деп тапты. Андан тышкары, судья товардык белгинин каттоосун да жокко чыгарды.

Рябушкин бул чечимге каршы 30 күн аралыгында кайра сотко даттанууга акылуу.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын азыркы кожоюну Александр Рябушкин 2017-жылы "Zanoza" сайтын негиздеген "ПроМедиа" коомдук фондун сотко берип, 3 миллион сомдук доо койгон. Ал "Zanoza" товардык белгисин 2016-жылы "Кыргызпатенттен" каттоодон өткөргөнүн билдирген. Бирок сайт ошол эле логотип менен бир жыл мурда иштей баштаган.

2017-жылы сот "ПроМедиа" ишканасына zanoza.kg белгисин колдонууга тыюу салган. Басылманын жамааты kаktus.media дарегинде ишин уланта баштаган.

"ПроМедиа" менен келишим түзгөн дизайнер "Кыргызпатенттин" апелляциялык кеңешине кайрылып, андан соң сотко арыз берген. Сот иштери аягына чыкканга чейин товардык белгини колдонууга Рябушкинге да тыюу салынган эле.

XS
SM
MD
LG