Кыргызстанда кайрымдуулук маданиятын жайылтуу максатында сынак өтүп жатат. “Элим, барсыңбы?!” кайрымдуулук фонду уюштурган сынак төрт багытта жүрөт:
- сүрөт тартуу;
- кол өнөрчүлүк;
- ыр жана эссе жазуу;
- социалдык долбоор жазуу.
Фонд алгачкы үч багытка майып жана ата-энеси жок балдар гана катыша аларын билдирди.
Мыкты материалдарды даярдаган төрт адамга Дубайга саякат жана баалуу белектер берилет. Эмгектерди кабыл алуу 10-ноябрда аяктайт. (AiA)