Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш убактылуу токтоду


Камбар-Ата 2 ГЭСи.
Камбар-Ата 2 ГЭСи.

“Электр станциялары” ишканасы Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги абал боюнча түшүндүрмө берди. Компаниянын маалыматына караганда, учурда ГЭСте авариялык абал түзүлгөн жок. Бирок гидроагрегат толуп калгандыктан азыр аны тазалоо иштери жүрүп жатат.

“Электр станцияларынын” маалыматы боюнча Камбар-Ата 2 ГЭСине чейин Нарын дарыясынын жогорку нугунда гидротехникалык жабдыктар жок. Буга байланыштуу дарыядан агып келген баткак ГЭСке топтолот.

“Бул күтүлбөгөн, бирок оңдоло турган абал. Аны оңдоо ноябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Учурда өлкөдөгү ГЭСтер 2652 МВт электр энергиясын өндүрүүдө. Бул пландалгандан 739 МВтка көп. Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСи 90 МВт электр энергиясын өндүрөт. Аталган ГЭСтеги абал өлкөдөгү электр энергиясын колдонууга эч кандай таасирин тийгизбейт”, - деп айтылат “Электр станциялары” ишканасынын билдирүүсүндө.

Буга чейин энергетика жаатындагы эксперт Расул Үмбөталиев Камбар-Ата 2 ГЭСинде өндүрүштүк кырсык болуп, муну тиешелүү органдар жашырып жатканын айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG